Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Кыргызстанда зарыл медикаменттердин запасы үч айга жетет

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 433 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов керектүү дары-дармектердин запасын өз убагында толуктап турууну тапшырды. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, ушул тапта республикада зарыл медикаменттердин үч айга  жетиштүү көлөмү бар экенин кабарлады.

«Бирок айрым учурда форс-мажордук кырдаалдар да болуп калат. Мисалы, COVID-19дун биринчи толкуну болгондо айрым дары каражаттары дарыканаларда жетишсиз болду. Экинчи толкун болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», — деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле сасык тумоого каршы вакцина менен жетиштүү түрдө камсыз кылуу, өзгөчө аймактарга күнүнө жеткирип турууну тапшырды.

Мындан тышкары, аймактардагы ооруканаларды ремонттоо иштерин өз убагында аяктоого чакырды.

Бүгүнкү күндө 12 медициналык мекеменин ичинен 7 саламаттык сактоо уюму толугу менен оңдолуп, жабдылды.

Кыргызстанда 19-сентябрга карата коронавирус менен катталгандардын саны 45 миң 335ке жетти. Андан айыккандар 41 миң 484, каза болгондор 1063 адам.

Copyright © 2017 Maral FM