Биз менен байланышыңыз

Данир Иманалиев «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинен чыгарылды

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 19 Сен 2020 | 689 | 0

Ысык-Көл районунун мурдагы акими Данир Иманалиев кечээ, 18-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен чыгарылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Буга Данир Иманалиевдин 16-сентябрда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жазган арызы негиз болду.

Ал партиянын тизмесинде 188-орунда болчу.

Данир Иманалиев Ысык-Көл районунун акими болуп 4 жыл иштеген.

Буга чейин Каныбек Иманалиев, Акылбек Жапаров жана Урмат Усеновдор да бул партиянын тизмесинен чыгып кеткен.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетти

Copyright © 2017 Maral FM