Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетти

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 820 | 0

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Жергиликтүү кеңештин тандоосу менен мындан төрт жыл мурда ушул кызматка келген элем. Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым. Башка өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанды да каптаган коронавирус менен күрөшүү оңойго турган жок. Бир тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу, экинчи жагынан эс алуучулардын саламаттыгынын жоопкерчилиги турду. Тилекке каршы, районубузда да жоготуулар болду. Бирок ошого карабай медиктердин, шаар, айыл жаштарынын, ыктыярчылардын, колдоочулардын күжүрмөн эмгеги менен абалды турукташтырууга жетиштик«, -дейт Иманалиев. 

Данир Иманалиев Ысык-Көл районунун акими болуп 2016-жылдын 19-августунда дайындалган.

Узарбек Жылкыбаев депутат болууну чечти

Copyright © 2017 Maral FM