Биз менен байланышыңыз

БШКнын жумушчу тобу Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 2375 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады.

Анын талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу сунушу БШКнын жыйынында каралат. Жыйын бүгүн 18.00гө белгиленген.

Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү бергени административдик ресурс катары кабыл алынып, коомчулукта талкууга түшкөн. Көпчүлүк буга чара көрүүнү талап кылган.

Жумабеков 14-сентябрда Таласка иш сапары менен барганда жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берген. Бул акча алгач спикердин фондунан берилгени айтылган. Кийин парламенттин басма сөз кызматы Жумабеков сүйүнчүнү үй-бүлөсүнүн атынан бергенин кабарлады. Андан кийин 17-сентябрда сүйүнчү акча төраганын фондунан бөлүнгөнү белгилүү болду.

Ошондуктан бул окуя парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө тийиштиги жок”, — деп айтылган билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы жагдай иликтенерин билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM