Биз менен байланышыңыз

Вьетнам Азия өлкөлөрү менен аба каттамын жандантууда

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 396 | 0

Вьетнам 18-сентябрдан тарта Азия өлкөлөрүнө багытталган эл аралык аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Вьетнам бийлигинин сайтында жазылгандай, Ханой шаарынан Түштүк Корея, Япония, Кытай жана Тайвань өлкөлөрүнө жума сайын каттамдар уюштурулмакчы. Ошондой эле Лаос жана Комбоджага учкан рейстер да кийинки жумадан тарта иштеп баштайт.

Бул каттамдар менен Вьетнам жарандары, дипломаттар, инвесторлор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү уча алышат.

Worldometers дүйнөлүк статистикалык сайтынын маалыматына ылайык, пандемия учурунда Вьетнамда 1 миңден ашык адам коронавируска кабылган, анын 35и көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM