Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавирус менен күрөштө үлгү болгон өлкөнү атады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 378 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Өзгөчө кырдаалдар департаментинин техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхове Вьетнамдын коронавирустук инфекция менен күрөшүү аракетин жогору баалады жана башка өлкөлөр үлгү алышы керектигин белгиледи.

«Вьетнам пандемия менен күрөшүүдө тез жана ар тараптуу аракеттерди көрүп жатат. Аларда эпидемияны басаңдатуучу система бар. Муну бардык өлкөлөрдө көргүм келет. Вьетнам жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө бай тажрыйбага ээ», — деди Мария Ван Керхове.

Ал эми ДССУнун Саламаттык сактоо боюнча шашылыш программасынын жетекчиси Майкл Райан: «Вьетнамда өлүмдүн деңгээли өтө төмөн. Алар эпидемияга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырышкан жок жана жаңы очоктордун пайда болуусун алдын алуу үчүн колунан келгендин бардыгын жасашты», — деди.

Буга чейин Вьетнамда коронавирустун жайылуусунун очогу болуп калган Дананг шаардык бийлиги COVID-19 үчүн калкты (1,1 млн адам) илдетке каршы тесттен өткөрүүнү пландаштырганы кабарланган.

Вьетнамда 31-июлда биринчи өлүм катталды.

Copyright © 2017 Maral FM