Биз менен байланышыңыз

Вьетнамда жер көчкү жүрүп, 46 адам дайынсыз болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 413 | 0

Вьетнамда ылдамдыгы секундасына 90 метрге жеткен Молаве бороону кара нөшөрдү коштой келип, мунун кесепетинен дарыя ташып, жер көчкү жүрүп, Куанг Нам провинциясы кыйроого учурады.

Кырсыктан 2 адам каза таап, 46 адам дайынсыз жоголгон. Миңдеген үйдүн чатыры учуп, жүздөгөн бак-дарак кыйылып түшкөн.

Учурда 37 миң 500гө жакын адам коопсуз жайга көчүрүлүп, жүздөгөн каттам токтотулуп, аэропорттор, мектептер жана пляждар убактылуу жабылды. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери улантылууда.

Адистердин айтымында, бул суу ташкын, жер көчкү — Вьетнам өлкөсү боюнча акыркы 20 жылдагы эң күчтүү апаат, мунун кесепетинен аталган мамлекет ири чыгымга учурады.

 

Copyright © 2017 Maral FM