Биз менен байланышыңыз

Вьетнам футбол күйөрмандарына стадионго кирүүгө уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 463 | 0

Коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган карантинден кийин футбол матчтарында көрөрмандарга уруксат берген биринчи өлкө, Вьетнамда, улуттук чемпионат жана кубок оюндары улантылууда.

Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын «Твиттердеги» расмий баракчасында жарыяланды.

Вьетнам өкмөтү коронавирус пандемиясынан кийин дүйнөдө биринчи болуп өлкөдө футбол оюндарын адаттагыдай өткөрүүгө уруксат берди.

Көрүүчүлөр адаттагыдай кубок жана чемпионат матчтарында стадионго келип, командаларын колдой алышты, ага эч кандай тоскоолдук болгон жок.

Дээрлик эки айлык тыныгуудан кийин Вьетнам Кубогунун 1/16 финалындагы биринчи матч «Нам Дин» жана «Хоангань Зялай» ортосунда болду. Миңдеген күйөрмандардын көз алдында тараптар 2: 0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Эске салсак, 100 миллионго жакын калкы бар Вьетнамда жалпысынан 325 кишиге коронавирус диагнозу коюлган, алардын 267 айыгып кеткен. Каза болгондор жок.

Буга чейин оюндар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө карантинден кийин  улантылса дагы, оюндар көрүүчүлөрдүн катышуусуз өтөрү кабарланган.

Тактап айтканда, Өзбекстандын Суперлига матчтары тыныгуудан кийин күйөрмандарсыз өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM