Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Түркия менен аба каттамдарын жандандырат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 373 | 0

Тажикстандын жарандык авиация агенттиги Дүйшөмбү жана Стамбул шаарларынын ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандандырууга уруксат берди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, «Turkish Airlines» жана «Сомон Эйр» авиакомпаниялары жумасына бир жолудан Дүйшөмбү-Стамбул-Дүйшөмбү багыты боюнча уча башташат.

«Каттамдар Тажикстан менен Түркиядагы санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактап, авиакомпаниялардын сайттарындагы жадыбалга ылайык аткарылат», — деп жазылат маалыматта.

Азырынча каттамдардын датасы жана билет баалары тууралуу маалымат жок. «Азия-Плюс» агенттиги өз булактарына таянып, Дүйшөмбү менен Стамбулдун ортосундагы туруктуу аба каттамдары 8-октябрдан тартып аткарыла баштай турганын жазды.

21-июлдан тартып Дүйшөмбү-Дубай-Дүйшөмбү багыты боюнча туруктуу аба каттамдары аткарыла баштаган. Бул багыт боюнча «Fly Dubai» жана «Сомон Эйр» авиакомпанияларынын учактары жумасына бир жолудан учуп жатышат.

Бүгүнкү күндө Тажикстан туруктуу аба каттамдарды жандандыруу боюнча Орусия жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM