Биз менен байланышыңыз

Казакстан Орусия менен болгон каттамдарын жандантат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 474 | 0

Орусия Кыргызстан, Казакстан, Беларусия жана Түштүк Кореяга болгон аба каттамдарын жандантат. Мындай чечимди Орусиянын жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышынын алдын алуу ыкчам штабы кабыл алган.

Ага ылайык, 21-сентябрдан тарта Кыргызстан (Бишкек), Казакстан (Нур-Султан) жана Беларус (Минск) өлкөлөрү менен кош тараптуу эл аралык аба каттамдары иштеп баштайт.
Азырынча эки тараптуу рейстер жумасына бир жолу аткарылары айтылууда.
Орусия башка өлкөлөр менен болгон туруктуу аба каттамдары коронавирустун жайылуу коркунучунан улам ушул жылдын жаз мезигилинде токтотулган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM