Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жетектеген орус аскер делегациясы Минск шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Беларусиянын коргоо бөлүмүнүн сайтында жазылды.
Визиттин максаты Орусия менен Беларусиянын ортосундагы эки тараптуу аскердик маселелерди чечип, кызматташууну сүйлөшүү болуп саналат.