Биз менен байланышыңыз

17-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 400 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;

Таласта түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Баткенде түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30 градус;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24.

Бишкекте 17-сентябрда жаан жаабайт. Түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM