Биз менен байланышыңыз

NYT: Навальный Орусияга кайтып келүүнү көздөп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 404 | 0

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный Германияда түбөлүк калууну көздөбөйт жана мурунку ишмердүүлүгүн улантуу үчүн Орусияга кайтып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу америкалык The New York Times гезити Германиянын коопсуздук кызматынын атын атагысы келбеген жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

«Навальный Германияга көчүп кетүүнү көздөбөйт», — деп жазат гезит булактын сөзүн келтирип. «Ал үйүнө, Орусияга кайтып келип, өзүнүн миссиясын улантууну каалайт», — деп кошумчалады маалымат булагы.

Ал блогердин Германиянын прокуратурасынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүсүнүн мазмунун айтып берди.

«Сүйлөшүү учурунда Навальный ага эмне болгонун биргелешип иликтөөгө катышуудан баш тартты»,- деп жазат басылма.

Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Кийинчерээк ал Берлинге жеткирилип, Charite клиникасына жаткырылган. Дарыгерлер Навальный атайын уулуу зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Copyright © 2017 Maral FM