Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабия «өзгөчө категориялар» боюнча эл аралык каттамдарга тыюуну алып салат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 355 | 0

Сауд Аравиясы бүгүн, 15-сентябрдан тарта «өзгөчө категориялар» боюнча эл аралык каттамдарга тыюуну алып салат.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, өзүнчө категорияга мамлекеттик жана аскер секторунун кызматкерлери, дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрү, чет мамлекетте мамлекеттик же жеке сектордо иштегендер, ишкерлер, чет өлкөдө дарыланууга муктаж бейтаптар, чет өлкөдөгү студенттер жана гуманитардык көйгөйлөрү бар адамдар жана спорт командалары кирет.

Перс булуңундагы жарандар жана жашап турууга уруксаты, же мейман визасы бар адамдар коронавирустук тесттери терс болсо, падышалыкка кире алышат.

Мындан тышкары, падышалык 2021-жылдын 1-январынан тарта жарандардын аба, кургактык жана деңиз аркылуу жүрүүсүнө коюлган бардык чектөөлөрдү алып салат.

Учурда өлкөдө коронавирустук инфекция жуктургандардын  саны 325 651ге жетип, 4 268и каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM