Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясы туризмди колдоого 4 млрд $ бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 451 | 0

Сауд Аравиянын Туризм министрлиги туризм тармагын колдоо фондун түзөт. Фонддун баштапкы көлөмү 4 миллиард долларды түзөт. Аны мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман башкарат.

Туризмди өнүктүрүү фонду компаниялардын инвестицияларды өз уставдык капиталындагы үлүштөрүн сатуу же облигацияларды чыгаруу жолу менен алууну караштырат. Өлкөнүн кредиттик мекемелери инвестор катары чыга алышат.

-Фонддун иштей башташы Сауд Аравиясында туризмди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү келечегинин, инвесторлордун жана жеке сектордун ишениминин далили болуп саналат. Тармактын социалдык жана экономикалык маанисин баалабаш керек: ал экономикалык өсүшкө жана диверсификацияга өбөлгө түзөт, эл аралык инвестицияларды тартат, жумушчу орундарын түзөт жана миллиондогон саудиялыктардын жашоо деңгээлин көтөрөт, — деди Сауд Аравиясынын туризм министри Ахмад аль-Хатиб.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM