Биз менен байланышыңыз

Элчилик Кыргызстандын Орусияга кошулушу тууралуу айтылгандарга жооп берди

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 825 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги экс-элчи Райымкул Аттокуровдун Кыргызстандын Орусиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу айтканына комментарий берди. Бул тууралуу Элчилик тараткан билдирүүдө айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин мурунку элчи Райымкул Аттокуров “Правда.ру” порталына берген интервьюсунда “Кыргызстан Орусиянын курамына кирүү мүмкүндүгүн талкуулап жатканын» айткан.

Элчилик «мындай пикирди айтууга эч кандай олуттуу негиз жок» экендигин билдирет. Ошондой эле Райымкул Аттокуров Орусиянын жараны экендигин жана ал жеке адам катары өзүнүн жеке пикирин билдиргендиги айтылат.

«Кыргызстан – көз карандысыз, эгемендүү мамлекет, эл аралык укуктун субъектиси жана эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналат. мындан сырткары, Конституцияга ылайык, орус тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес, расмий тили болуп саналат. Ошону менен бирге кыргыз-орус мамлекеттер аралык мамилелер сый, түшүнүшүү жана бири-бирин колдоо нугунда динамикалуу түрдө өнүгүп жатат»- деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлерин элди дүрбөлөңгө салуучу мүнөздөгү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүчү ой-пикирлерин коомго жарыялоодон алыс болууга чакырат.

 

Copyright © 2017 Maral FM