Биз менен байланышыңыз

Навальный толугу менен өзүнө келди 

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 419 | 0

Берлин полициясы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйга карата коопсуздук чараларын күчөткөнүн Spiegel билдирди.

Ага ылайык, Берлиндеги «Шарите» ооруканасында Навальныйды кайтарган полиция кызматкерлеринин саны көбөйдү. Бул чаралар саламаттык сактоо саясаты өркүндөтүлгөндөн кийин көрүлдү.

Spiegel сайтынын жазганына караганда, Навальный кайрадан сүйлөй баштады. Балким, бортто ага эмне болгонун майда-чүйдөсүнө чейин эстей алат.

Дүйшөмбү күнү оппозициячыл саясатчы комадан чыгарылганы кабарланган.

Дарыгерлер Навальный атайын уулуу зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Навальный 22-августта атайын учак менен Германияга жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчынын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM