Биз менен байланышыңыз

АКШнын 3 штатын жүзгө жакын өрт каптады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 340 | 0

АКШнын Орегон, Калифорния жана Вашингтон штаттары кеминде 96 ири табигый өрттүн астында калды. Алардын жалпы аянты 1,4 миллион гектарга жакын.

Алсак, Орегондо өрттөн улам асман кызарып кетти. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөрдү жана видеолорду бөлүшүп жатышат. Алардын айтымында, ушул кезге чейин штатта мындай көлөмдөгү жаратылыш кырсыгы болгон эмес.

Он миңдеген адамдар коопсуз жайга көчүп кетүүгө аргасыз болду. Өрттүн кесепети көптөгөн жоготууларга алып келиши мүмкүн экени айтылууда. Өрт аномалдуу ысык аба ырайынан улам келип чыккан. Ысык, кургак аба ырайы жана катуу шамал алардын жайылышына себеп болууда.

Калифорнияда өрт астында калган аймак 930 миң гектардан ашты. Бул — мамлекеттин тарыхындагы эң ири көрсөткүч. Буга чейинки антирекорд 2018-жылы белгиленип, анда 793 миң гектардан ашык аянт өрттөнүп кеткен.

Штаттагы өрттөрдүн кесепетинен миңдеген үйлөр жана имараттар кыйрап, 11 адам каза болду.

NASA агенттиги жарыялаган сүрөттөргө караганда, учурда өлкөнүн батыш жээгин толугу менен түтүн каптады. Айрым жайларда жердин температурасы 191 градуска жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM