Биз менен байланышыңыз

Депутаттын алдамчылыкка шектелген уулу Кыргызстанга экстрадицияланат

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 776 | 0

Алдамчылыкка шектелген кыргызстандык Данияр Ибраевди Болгариядан экстрадициялоо аракети башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Шаардык милицияга бир нече курулуш компаниясы кайрылып, Данияр Ибраев аттуу жаран курулуш арматурасын алып келип берем деген шылтоо менен 500 млн сом алып алдап кеткенин айтышкан.

Тергөө учурунда «Строймир» ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Ибраев Данияр Саматбекович аттуу жаран 2018-жылдын декабрь айынан тарта 2019-жыл аралыгында 7 жабырлануучунун ири көлөмдөгү акчасын алдамчылык жолу менен ээлеп алганы аныкталды. Келтирилген зыян 507 млн 352 миң сомду түзгөн.

Бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. 2019-жылдын 24-январында Ибраев 7 алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы сырттан билдирилип, ошол эле күнү Свердлов райондук соту ага карата камакка алуу чечимин чыгарган. 26-январь күнү ал Интерпол аркылуу издөөгө алынган.

Интерпол Данияр Ибраев 28-февраль күнү Болгариянын бийлиги тарабынан София шаарында кармалганын билдирген. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Милициянын маалыматына караганда, шектелүүчү Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин уулу болот.

Copyright © 2017 Maral FM