Биз менен байланышыңыз

Кабулда Ооганстандын вице-президентин өлтүрүү аракети жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 452 | 0

Кабулда Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салехтин өмүрүнө кол салуу аракети жасалды. Бүгүн, 9-сентябрда эрте менен чиновниктин коштомо күзөтүнүн кыймылы учурунда, көчөдө токтоп турган унаа жардырылган. Бул тууралуу «dpa» маалымат агенттиги билдирген. Өз кезегинде «AFP» агенттиги жардырууну жанкечти уюштурганын кабарлады.

Жардыруудан Амрулла Салех жабыркаган жок, бирок анын бир нече жан сакчысы жаракат алышты. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жарылуудан эки адам каза болуп, дагы 12 адам жаракат алган.

Бул аракет Катарда өтүүсү пландалган Ооганстандын ичиндеги тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында жасалды. Өкмөттүн Кабулдагы жана «Талибан» радикалдык ислам кыймылынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунун датасы али аныктала элек.

19 жылдан бери келе жаткан жаңжалды жөнгө салуу, «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн чечкиндүү кадам катары Кабул өзгөчө кооптуу деп эсептеген 400 талибанды бошотуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим августтун башында Ооганстандагы уруу аксакалдарынын кезексиз жыйынында кабыл алынган. Ооганстандын президенти Ашраф Гани тиешелүү чечимге ылайык жарлыкка кол койгон. Тизмеде өлүм жазасына өкүм кылынган 156 адам дагы бар.

Copyright © 2017 Maral FM