Биз менен байланышыңыз

Алексей Навальныйдын абалы жакшырып, комадан чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 383 | 0

Эки жарым жумадан бери эс-учун билбей, Германиядагы ооруканада дарыланып жаткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы кыйла оңолуп, комадан чыгарылды. Бул тууралуу Берлиндеги «Шарите» ооруканасынан билдиришти.

Навальный атайын коюлган жасалма аппараттан чыгарылып, айланасындагыларга реакция кыла баштаганы айтылууда.

Навальныйдын абалы оор болгондуктан дарыгерлер аны атайылап уктатып коюшкан болчу. «Шарите» ооруканасын дарыгерлери Навальный атайын уулуу зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Навальный 22-августта атайын учак менен Германияга жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчынын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM