Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан коронавирустун II толкунуна даярданууда

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 376 | 0

Өзбекстан коронавирустун экинчи толкунуна даярданып жатат. Бул тууралуу Орусиянын «Коммерсант» гезитине берген маегинде Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары жана Санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо агенттигинин директору Баходир Юсупалиев билдирди.

Анын айтымында, карантиндик иш-чаралар дээрлик солгундап, адамдардын ортосундагы байланыш көбөйүп, мектептер, университеттер, бала бакчалар ачылып жатат.

«Өлкө буга чейин оору-сыркоонун туу чокусун башынан өткөрүп, кырдаал турукташкан, бирок бул «күз-кыш мезгилинде курч респиратордук инфекциялардын көбөйүшүн күтпөйбүз» дегенди билдирбейт. Ошондуктан, биз пандемияга каршы турууга даярдыгыбызды арттырабыз», — деди Юсупалиев.

Ал күндүн ысыгынан коронавирустун активдешүүсүн четке какты.

«Аптапта оорулар азайган жок, тескерисинче, Өзбекстанда июль айынын аягында август айынын башында оорулуулардын саны көп катталды. Ал эми оор формалары менен ооругандар көп болду. Башкача айтканда, вирустун жүрүм-турумун абанын температурасы менен байланыштырбайт элем», — деди министрдин орун басары.

Copyright © 2017 Maral FM