Биз менен байланышыңыз

Коңшу өлкөлөрдөгү коронавирус боюнча статистика

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 600 | 0

 

Акыркы суткада Казакстанда коронавирус илдетинин 60 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда республиканын ыкчам штабы билдирди.

Учурда Казакстан боюнча коронавирустук инфекциянын жалпы 106 миң 361 учуру катталды.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы 7-сентябрда коронавирус инфекциясынын белгилери менен өпкөнүн сезгениши жөнүндө маалымат жарыялады.

Ага ылайык, өткөн суткада өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын белгилери менен 139 пневмония оорусу катталып, 1 адам каза болуп, 2 адам айыгып чыкты.

Акыркы сутканын ичинде Тажикстандын аймагында коронавирус менен жаңы 35 бейтап катталды. Улуттук бирдиктүү порталдагы маалымат боюнча, бир суткада 32 адам ооруканадан чыкты.

Акыркы эсепти кошкондо Тажикстанда жалпы 8792 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 7581 адам айыккан. Оору жуккандан кийин 70 бейтап көз жумду.

Ал эми Өзбекстанда бир суткада 293 адамдан коронавирус аныкталды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Өзбекстанда жалпы оору жуктургандардын саны 43 663 адамды түздү.

Бир сутка ичинде Ташкентте коронавирустун айынан 5 адам каза болду.

Учурда медициналык мекемелерде 2038 бейтап дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM