Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков жазык боюнча мыйзамды артка кайтарды

Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 283 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков, бир катар себептер болгондугуна байланыштуу, макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамын артка кайтарды.

Мыйзам 25-июнда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамды артка кайтарууга Жазык кодексине киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болду.

Тактап айтканда, сунушталган ЖКнын 62-беренесинин 7-бөлүгү менен эгер шектенүү жөнүндө кабарландыруу бериле турган адам аныкталбаган болсо, жазык иши жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өткөндүгү боюнча токтотулат деген ченем каралган.

Мамлекет башчы, сунушталган өзгөртүүлөр сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү учурунда алгачкы текшерүү жана тергөө органдарында коррупциялык көрүнүштөр үчүн тобокелдиктерди жаратарын белгилеп, бул ченемди колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштады.

ЖПКнын жаңы редакцияда берилген 114-беренеси кылмыш жасоого шектүү же айыпкер адамга карата бөгөт коюу чарасы катары күрөөнү колдонуу маселелерин жөнгө салат. Бирок күрөө бөгөт коюу чарасы катары белгиленбеген кылмыштардын тизмеси жана учурлар кызмат адамдары жасаган бардык коррупциялык кылмыштарды камтыбайт.

Коррупциялык кылмыштар жалпысынан коом жана мамлекет үчүн кыйла коркунучту түзө тургандыгын көңүлгө алып, аталган кылмыштарды эске алуу менен бул тизмени кеңейтүүнү сунуш кылды.

Президент, жогоруда көрсөтүлгөн түзөтүүлөрдү кабыл алуу мыйзамдарда тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен өзүнүн бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоого болгон ар бир адамдын конституциялык укуктарын, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылуу укугун чектөөгө алып келиши мүмкүн, адам, анын өмүрү, ден соолугу, укугу жана эркиндиги эң жогорку баалуулук болуп саналган демократиялык мамлекетте буга жол берилбеши керек деп эсептейт.

Каршы пикирди Жогорку Кеңешке сунуштоо Ички иштер министрине жүктөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM