Биз менен байланышыңыз

Uzbekistan Airways Бишкек менен каттамдарын жандантат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 390 | 0

Өзбекстандын Uzbekistan Airways авиакомпаниясы Кыргызстан менен болгон аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты жазды.

Аталган компания этабы менен эл аралык аба каттамдарын жандантарын жарыялаган. Анда Ташкент — Бишкек — Ташкент каттамы 14-сентябрдан тарта жумасына 1 жолу, дүйшөмбү күндөрү учары жазылган.

Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын башка өлкөлөр менен болгон рейстери:

Ташкент — Дубай — Ташкент — 4-сентябрдан жумасына 1 жолу, жума күндөрү;

Ташкент — Франкфурт — Ташкент — 10-сентябрдан жумасына 1 жолу, бейшемби күндөрү;

Ташкент — Алматы — Ташкент — 11-сентябрдан тарта жумасына 1 жолу, жума күндөрү;

Ташкент — Бишкек — Ташкент — 14-сентябрдан тарта жумасына 1 жолу, жума күндөрү;

Ташкент — Стамбул — Ташкент — 4, 7, 11, 14, 16, 18, 21, 23, 24, 25, 28 жана 30-сентябрь күндөрү.

Uzbekistan Airways менен учууну пландаштырган жүргүнчүлөр учууга 72 сааттан аз убакыт калган аралыгында англис же орус тилиндеги ПЧР-анализи менен COVID-19дун терс жыйынтыгын көрсөткөн аныктама тапшыруусу керектелет. Компаниянын сайтында айтылгандай, коронавирус жоктугун көрсөткөн анализин тапшырбаган жүргүнчүлөр рейске каттоого алынбайт.

Аталган тесттин жыйынтыгын тапшырган Германия, Казакстан, Кыргызстан, БАЭ жана Түркиядан барган жарандар, Өзбекстанда термометриядан өтүүлөрү жана 14 күн үй ичинде обочолонуулары керектелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM