«Uzbekistan Airways» улуттук авиакомпаниясы 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып Ташкенттен Орусияга туруктуу каттамдарды улантат.
Орусиянын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча башкы агенттиги сентябрдан тарта өзбек авиакомпаниясы тарабынан Орусия Федерациясынын шаарларына туруктуу каттамдар башталарын жарыялады.
Күздөн тарта Ташкент менен Орусиянын беш шаары — Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Казань жана Владивостоктун ортосунда каттамдар калыбына келтирилет.
Ташкент менен Москва ортосундагы аба каттамдары шейшембини кошпогондо күн сайын жүргүзүлөт.
«Uzbekistan Airways» авиакомпаниясы Санкт-Петербургга шейшемби жана жума күндөрү, ошондой эле жумасына бир жолу башка шаарларга учат.
Билеттерди онлайн режимде авиакомпаниянын сайтында сатып алууга болот.
Мисалы, 1-сентябрда эконом-класс менен Ташкенттен Москвага учуунун баасы — 383 доллар, ал эми ошол эле күнү Санкт-Петербургга учуу 387,2 долларды түзөт.
Ушул жылдын март айынын ортосунда Өзбекстан коронавирустук инфекциянын биринчи учурунан кийин чек араларын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон.
Ошол убактан бери «Uzbekistan Airways» авиакомпаниясы Өзбекстандын жарандарын мекенине эвакуациялоо үчүн чартердик рейстерди гана уюштурууда.