Биз менен байланышыңыз

Мадумаров шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт

Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 517 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Мадумаров өзү кабарлады.

Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, ишин жүргүзүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары бюджеттен каржыланат. Ага 722,9 млн сом каралган.

Кыргызстандын сыртында добуш берүү участкаларын ачууга, шайлоо өткөрүүгө 10 млн сом бөлүнгөн. Өлкөнүн сыртында жүргөн жарандар үчүн 44 шайлоо аймагы ачылган.

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM