Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Бир суткада 78 жаңы учур катталды, 261и сакайды

Кыска кабар | 31 Авг 2020 | 436 | 0

Акыркы сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда 31-августка карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  1. Бишкек ш — 18
  2. Ош ш – 1
  3. Чүй облусу – 10
  4. Ош облусу – 6
  5. Талас облусу — 2
  6. Нарын облусу – 4
  7. Ысык-Көл облусу – 14
  8. Жалал-Абад облусу – 11
  9. Баткен облусу – 12.

Муну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 898 адамга жетти.

Ал эми сутка ичинде дарыланып жаткан 261 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды.

Өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 38 459ду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM