Биз менен байланышыңыз

Ташкентте эгемендүүлүк күнүнө карата метролор жүргүнчүлөрдү 3 күн акысыз ташыйт

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Авг 2020 | 462 | 0

Өзбекстандын Ташкент шаардык темир жол кыймылы Эгемендүүлүк күнүнө карата шаар тургундарына жана конокторго майрамдык белек кылууну чечти.

«Ташкент метрополитени» келген коноктор менен жалпы шаар тургундары үчүн 31-август, 1-2-сентябрь күндөрү метронун бардык линиялары акысыз кызмат көрсөтөрүн билдирди.

Күн мурун, 30-августта, Ташкентте курулушу 2017-жылы башталган метро каттамы ишке кирди.

29-августта өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда жаңы линия менен жүрүп чыкты. Мирзиёев андан сырткары дагы жаңы ачылып жаткан «Юнусобод» жана «Түркстан» станцияларын көрүп чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM