Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 5 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды

Коом , Кыска кабар | 30 Авг 2020 | 787 | 0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 108 жаңы учур катталды. Алардын бешөөсү медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, жуктуруп алгандар Бишкек шаарында 17, Ош облусунда – 2. Чүй облусунда – 11, Таласта – 6, Нарында – 1, Ысык-Көлдө – 10, Жалал-Абад облусунда 33 ал эми Баткен облусу боюнча 16 учур аныкталды.

Ушуну менен вирус жуктургандардын саны 43 820га жети.

Ошондой эле акыркы суткада бул илдеттен 225 бейтап айыгып, алардын жалпы саны 38 198ди түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM