Кыргызстанда айыл чарба техникасынын 80 пайызга жакынынын иштөө мөөнөтү ашып кеткен. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Бирок техника тартыш болгондуктан дыйкандар эскилиги жеткендерди дагы колдонууга муктаж болуп жатканы айтылат.
«Мисалы, 27 миң трактор керек болсо, колдо бар тракторлордун саны 21,7 миң гана. Талап боюнча техника жылына беш пайызга жаңыланышы керек, бул көрсөткүч азыр 1,5 гана пайыз болууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Анткен менен мурдагы жылдарга караганда акыркы учурда техника көбүрөөк сатып алына баштады. Мисалы, тракторлор, соколор, сепкичтер, чиркегичтерди жаңы сатып алып жаткан дыйкандар бар.
Жаңы техника түз сатып алуудан тышкары лизингдик долбоорлор менен дагы алынып жатканы кошумчаланды.
Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери айыл чарбасындагы машина-трактордук паркты жаңылоо жана модернизациялоо максатында бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 4 млрд 686,9 млн сомго 3 миң 159 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, ал эми 2020-жылы 583,6 млн сомго 221 техника берилген.