Биз менен байланышыңыз

«Реформа» партиясы шайлоо күрөөсүн (5,5 млн) элден чогултту

Кыска кабар , Саясат | 24 Авг 2020 | 893 | 0

«Реформа» партиясы шайлоо алдында күрөө катары БШКга бере турган каражатын кайдыгер эмес жарандардан чогултту. Бүгүн, 24-августта 5 478 219,13 сом чогулганын айтып, партия социалдык баракчасында бөлүштү.

Партиянын тарапташтары буга чейин жарандарды кайдыгер болбоого чакырып, башка партиялар элге акча таратса, бул партия элден акча чогултуп шайлоого баратканын айткан. Бул партия ошонусу менен чыныгы карапайым жарандардан тургандыгын далил катары көрсөтүшкөн.

Чогулган каражат БШКга өткөрүлүп берилген.

19-августта «Реформа» саясий партиясы съезд өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин бекитти. Бекитилген тизме БШКга тапшырылып, алдыңкы 20 талапкердин ысымдары жарыяланды.

1. Клара Сооронкулова;

2. Мирбек Маматкасымов;

3. Урмат Жаныбаев;

4. Манас Саматов;

5. Рита Карасартова;

6. Эсен Рысбеков;

7. Тилек Ахматов;

8. Эрулан Кокулов;

9. Назгуль Шекекова;

10. Кыялбек Калбаев;

11. Гүлгаакы Мамасалиева;

12. Эркин Нурбаев;

13. Азият Жекшеев;

14. Елена Воронина;

15. Банур Абдиева;

16. Эмил Сыдыков;

17. Акылбек Сариев;

18. Чолпон Абдрахманова;

19. Акжолтой Тукунов;

20. Сарвар Салимов.

Башка партиялардын жарыяланган алдын ала тизмеси:

«Мекеним Кыргызстан»;

«Ыйман Нуру»;

«Реформа»;

 «Чоң Казат»;

«Замандаш»;

«Бүтүн Кыргызстан»;

«Ата Мекен»;

«Бир Бол»;

«Биримдик»;

«Республика» .

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Үгүттөө иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM