Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы Маданият министрлигине айыппул салды

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 322 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кычан Жакыпов атындагы сейил бакта тазалыкты сактабагандыгы үчүн айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мекемеден кабарлашкандай, министрликке сейил бакты тазалоо боюнча берилген эскертүүнү аткарбагандыгы үчүн протокол толтурулган.

«Бизге Абдрахманов менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак каралбай жатат деген арыздануулар түшүүдө. Санитардык патруль сейил бактын аймагындагы башаламандыкты аныктап, министрликке мыйзамдуу түрдө ал кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берген. Бирок ал эскертүү аткарылган эмес. Министрлик сейил бактагы тазалыкка, куураган бактарга кайдыгер болууда», — деп билдирет мэрия.

Ушуга окшогон маселелер боюнча төмөнкү номерлерге кайрылуу керек:

Санитардык-экологиялык инспекциянын номери: 0558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

 

=====

Мэрия «Ата Мекен» партиясына 13 миң сом айыппул салды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM