Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жалпы 43 миң 126 адамдан аныкталды, анын 3101и — медкызматкер

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 288 | 0

Кыргызстанда 24-августка карата бир сутка ичинде 103 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле акыркы суткада 218 адам илдеттен сакайып чыккан.

Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 43 миң 126 адамды түздү. Анын 36 миң 615и айыкса, 1057 бейтап каза болгон.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 1
• Баткен облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 6.

Ал эми бир суткада ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылган медициналык кызматкерлер жок.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  3101 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM