Биз менен байланышыңыз

Макрон жана Меркель Навальныйды алып кетип башпаанек берүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 685 | 0

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель орусиялык оппозиячыл Алексей Навальныйды алып кетип, анын коопсуздугуна жана дарыланышына шарт түзүп берүүгө даяр. Бул тууралуу биргелешкен маалымат жыйынында Макрон билдирди.

Ал Франция менен Германия Навальныйдын үй-бүлөсүнө башпаанек берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Навальный учурда ооруканада ИВЛ аппаратынын жардамы менен дем алып жатат. Эскерте кетсек, ал эс-учун жоготуп, комага түшкөн. Басылманын маалыматына караганда, Навальныйга азырынча диагноз да коюла элек.

20-август күнү кечинде Омск шаарына Навальныйдын жубайы, жеке дарыгери жана Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси келген. Алар Навальныйды чет өлкөгө дарылоого которууну талап кылышкан, бирок оорукананын башкы дарыгери бейтаптын акыбалы өтө оор экенин айтып, аны чет өлкөгө алып чыгууга мүмкүн эмес экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага бараткан каттамда эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, ал тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш «Твиттердеги» баракчасында “аны чайга кошулган бир нерсе менен ууландырышты” деген божомолу менен бөлүшкөн. Анын айтымында, Навальный ошол күнү таңдан бери чай гана ичкен.

Ярмыш эскерткендей, бир жыл мурун Навальный атайын төргөө абагында да ууланып калган.

Copyright © 2017 Maral FM