Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Ысык-Көлгө барат

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 436 | 0

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат.

Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.

Ошондой эле, Каракол шаарында салынып жаткан 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жугуштуу оорулар үчүн салынып жаткан оорукананын курулушунан кабар алат.

Copyright © 2017 Maral FM