Биз менен байланышыңыз

Орусия: Песков Навальныйдын ууланышы боюнча жооп берди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 592 | 0

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ууландырылган” деген божомолдор боюнча комментарий берди.

“Уулануу болгонболбогону лабораторияда ырасталышы керек. Анализдин жыйынтыгын күтүш керек”, — деди Песков журналисттерге.

Эскерте кетсек, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель Навальныйды алып кетип, анын дарыланышына жана коопсуздугуна шарт түзүп берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Германия Навальныйды алып кетиш үчүн Омск шаарына атайын учак жиберет. Маалыматтарга ылайык, медициналык жабдуулар жана дарыгерлер менен жабдылган учак бүгүн, 21-августта, Москванын убактысы боюнча саат 13:00дө учат.

Оппозициячыл Навальныйга жардам берүүгө Берлин шаарындагы Шарите ооруканасы даяр экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM