Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Орусияга учуучу каттамдардын тизмеси

Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 6427 | 0

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жарандарын алып кетүү үчүн Орусияга уюштурула турган аба каттамдардын графигин жарыялады. Алардын айрымдарынын сааты тактала элек.

Каттамдар:

— 20-августта Ош–Москва каттамы (саат 6:30, «Аэрофлот»);

— 22-августта Бишкек–Санкт-Петербург (07:35, «Урал авиалиниялары»);

— 22-августта Ош–Санкт-Петербург (21:55 «Урал авиалиниялары»);

— 23-августта Бишкек–Москва (16:20, «Аэрофлот»);

— 23-августта Бишкек–Новосибирск;

— 24-августта Ош–Екатеринбург (05:05, «Урал авиалиниялары»);

— 26-августа Бишкек–Екатеринбург,  (5:00 «Урал авиалиниялары»);

— 29-августта Бишкек–Санкт-Петербург ( 07:35, «Урал авиалиниялары»);

— 29-августта Ош–Санкт-Петербург (21:55, «Урал авиалиниялары»);

— 30-августта Бишкек–Москва (16:20, «Аэрофлот»);

— 31-августта Ош–Екатеринбург (05:05, «Урал авиалиниялары»).

Кимдер уча алат?

Бул каттамдар менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы рейске катталган Орусиянын жарандары гана учуп кете алат.

Уча турчу жүргүнчүлөрдүн тизмесине кирген кыргызстандыктар — ата-энелери, балдары жана жубайлары Орусиянын жараны болгондор, убактылуу жашоого уруксаты барлар, медициналык мекемелер чакырып жаткандар жана оорулуу туугандарын карайм дегендер. Алар учарга үч күн калганда Бонецкий лабораториясына анализ тапшырышы керек. Башка жактардыкы алынбайт. Ошондой эле тесттердин жыйынтыгынын жасалма эместиги текшерилет.

Эскерте кетүүчү нерсе, чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө чаралары Орусияда улантылууда. Ушуга байланыштуу, азыркы учурда Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына олуттуу себептерсиз кире албайт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамдар жандана электигин жана орус-казак чек арасы да жабыктыгын эске салат.

Copyright © 2017 Maral FM