Биз менен байланышыңыз

Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный ууланып ооруканага түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 407 | 0

Алексей Навальный өзүн жаман сезип, Томск шаарынан Москвага кайтып келе жаткан учак чукул Омск шаарына конду. Бул тууралуу басма сөз кызматчысы Кира Ярмыш билдирди.

“Бүгүн эртең менен Навальный Томск шаарынан Москвага кайтып келе жатты. Учакта өзүн жаман сезип баштаганда, учак тез арада Омск шаарына конду. Азыр биз тез жардам менен ооруканага бара жатабыз, дарыгерлердин айтымында Алексей ууланды”, — деп Ярмыш Twitter баракчасына жазды.

Ал эскерткендей, бир жыл мурун Навальный атайын төргөө абагында да ууланып калган.

“Алексейди чайга аралаштырган нерсе менен ууландырды деп ойлойбуз. Таңдан бери ал чай эле ичкен. Дарыгерлер токсин ысык суюктукта бат таасир этерин айтышты”,- деди Ярмыш.

Навальный эсин жоготуп, учурда өзүнө келе элек.

Copyright © 2017 Maral FM