Биз менен байланышыңыз

Навальный Росгвардиянын башчысынын дуэлин кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 1140 | 0

Орусиянын оппозиционер саясатчысы Алексей Навальный Орусиянын Башкы гвардиясынын жетекчиси Виктор Золотовдун видеокайрылуусуна жооп берди. Видеокайрылууда гвардия башчысы Навальныйды дуэлге чакырган. Дуэлдин түрү, куралы Навальныйдын каалоосуна жараша болорун билдирген. 50 кундүк камак жазасынын жаңы гана өтөп чыккан саясатчы аталган чакырыкка видеокайрылуу менен жооп берди. Ал Золотовдун дуэлин кабыл аларын айтты. Бирок дуэль дебат форматында мамлекеттик каналдын түз эфиринде болушун талап кылды.

Эки тараптын бири-бирине акаарат создөр менен кайым айтышууларын камтыган диалогдун жыйынтыгы кандай болору белгисиз. Навальный сунуштаган “дуэль” да болор-болбосу анык эмес.

Эске сала кетсек, Алексей Навальный өзүн Путиндин башкы атаандашы катары сыпаттап келет. Ал август жана сентябрь айларында уюштурган бийликтин пенсиялык реформаларына каршы акциялары боюнча айыпталып, эки жолу удаа 30 жана 20 күндүк камак жазасын өтөп чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM