Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпайт

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 864 | 1

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу маалымат партиянын фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Ата Мекен» партиясын түптɵгɵн лидерлер Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов ж.б. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышпайбыз. Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын. Анткени алардын заманы келди«, -деп айтылат Текебаевдин билдирүүсүндө.

Текебаевдин айтымында, депутат Жанар Акаев «Ата Мекендин» жаңы лидери болду, аны бүгүнкү тарыхый кырдаал аныктады.

«2015-жылы партиянын съездинде мен 2020-жылкы шайлоого партия жаңы лидер, жаңы тизме менен барат деп айткам. Анда ал лидер ким болоорун билген эмесмин. Эч кимибиз билген эмеспиз. Ал лидерди бүгүнкү тарыхый кырдаал аныктады. Ал – Жанар Акаев«.

Бүгүн, 17-августта «Ата Мекен» партиясынын кезектеги съезди өтүп жатат.

Кыргызстанда 5-июнда 6 саясий партия бириккендигин жарыялаган. Алар жаңы кыймылдын атын «Жаңы дем» деп аташкан.

Анда «Ата Мекен» партиясы, «Ак шумкар», «КЛДП», «Социал-демократиялык тобу», «Жаңы Дем» коомдук кыймылы, «Жашыл күчтөрдүн коалициясы» болуп биригүү тууралуу декларация кабыл алышкан.

«Жаңы дем» саясий альянсынын шайлоо алдындагы өнөктүгүн Жанар Акаев жетектемей болгон. Жанар Акаев парламентке өтө турчу фракцияга лидер болору айтылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 43 партия катталган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

1 пикир

1 пикир

  1. Орунбек

    17.08.2020 22:19

    Рахмат, Өмүрбек мырза, жакшы, үлгүлүү жумуш кылыптырсыз. Бар болуңуз. Ал эми жалындаган Жанар Акаев мырзага ак жол каалайм, арыба, бар бол кыргызымдын чыгаан уулу!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM