Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 4252 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзам өзүн-өзү өнүктүрүү же жеке керектөөлөрүн канааттандыруу максатында билимдерди жана көндүмдөрдү алууга багытталган кошумча билим берүү кызматтарды алуу боюнча жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Педагогдук ишти иштөө укугуна зарыл билим алган жана тиешелүү педагогдук квалификациясы бар адамдар ээ болушат  (ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо).

Мыйзамдын 28-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык, педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук (окутуучулук) иште иштөө укугуна төмөнкү учурларда ээ болот:

— кайра даярдоодон өткөн;

— Өкмөт тарабынан аныкталуучу иштин көндүмдөрүн үйрөнгөн;

— репетитордук жана тренингдер тартибинде сабак өткөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM