Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктуруп алган 135 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 651 | 0

17-августка карата бир сутка ичинде 135 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле акыркы суткада 261 адам илдеттен сакайып чыккан.

Кыргызстанда коронавирустан акыркы суткада 1 адам каза болду. Вирустун айынан көз жумгандардын жалпы саны 1496га жетти.

17-августка карата өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 41 991 адамды түздү. Анын 34 миң 567си айыгып чыгып, коронавирус жана пневмониядан жалпы 1496 адам каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM