Биз менен байланышыңыз

«Бир Бол» саясий партиясы бийликке оппозиция болот

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 1950 | 0

«Бир Бол» саясий партиясы бийликке оппозиция болот. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов партиянын бүгүнкү съездинде жарыялады.

«Биз бүгүнкү бийликке оппозиция болобуз. Реформаларды духу күчтүү, кесипкөй жана энергияга ширелген жаратман өкмөт гана ишке ашыра алат. Ал эми ошондой күчтүү өкмөттү ошондой парламент гана курай алат. Реформалардын башкы идеологу жана демилгечиси парламент болот. Алар мыйзамдар аркылуу, идеялар аркылуу, көз караш жана түшүнүктөр аркылуу саясий-экономикалык, социалдык процесстердин жана эң башкысы — руханий баалуулуктардын уңгусу болууга милдеттүү. Чабал парламент — чабал өкмөт,  чабал өкмөт — алсыз мамлекет. Күчтүү парламент — күчтүү өкмөт, күчтүү өкмөт — бакубат мамлекет.

Биз катыша турган шайлоо жеңил эмес. Ар бир шайлоо өзүнчө уникалдуу. Бирок алдыдагы шайлоо мурдагыдан алда канча айырмаланып турат. Себеби коронавируска байланыштуу үгүттөө иштерин салттуу форматта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Биз өз кызыкчылыгыбызды эле көздөбөстөн элибиздин ден-соолугуна да кам көрөлү», — дейт Шыкмаматов.

Бүгүн, 17-августта «Бир Бол» саясий партиясы IX кезексиз съездин өткөрүүдө. Партия лидери Алтынбек Сулайманов съезддин жүрүшүндө сөз сүйлөп, партия толугу менен жаңылангандыгын билдирди.

Съездде «Бир Бол» партиясынын “Инновациялык реформалардын мезгили» деп аталган программасы презентация кылынат.

Ошондой эле партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Айжан Чыныбаева, Жоомарт Жолдошев, Зарина Чекирбаева сөз сүйлөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM