Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты иштелип чыкты

Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 466 | 0

Коронавирус илдетин дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты Орусиядан келген кесиптештер менен бирге талкууланып, иштелип чыкты. Бул маалыматты, бүгүн пресс-конференцияга катышкан Орусиялык адистер тастыкташты.

«Аталган протоколду иштеп чыгууга мен дагы катыштым. Жаңыртылган версияга коронавирус боюнча респиратордук жардам жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизилди. Ошондой эле, альтернативдүү ыкма катары этиотроптук дарылоо жаңыланды», — деп билдирди дарыгер — пульмонолог, м.и.к Лилия Козырева.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, протоколдун жаңы 4-вариантында пневмония эске алынып, анын оор формаларын дарылоо ыкмалары киргизилгенин кошумчалады. Протоколдун 4- версиясы даяр жана жакынкы күндөрү ишке кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM