Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады

Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 577 | 0

Орусиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында кыргызстандык дарыгерлерге коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүүгө келген орусиялык дарыгерлер Кыргызстанда аткарган иштери тууралуу кыскача ой бөлүштү.

Орусиядан келген дарыгерлер тобун жетектеген Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун айтымында, алар Кыргызстанга 23-июлда келген.

«23-июлдан тарта Кыргыз Республикасынын бардык облустарында, 31 медициналык мекемеде иштедик. Биздин дарыгерлер сиздердин дарыгерлер менен бирге кызыл зоналарда иштеп, бейтаптарды дарылашты. Андан тышкары тажрыйба алмашуу болду. Биздин дарыгерлер 4 миңден ашык бейтапты карап, алардын ичинен 564ү ооруканадан чыгарылды. 370 адам ооруканадан чыгарууга даярдалды», — деди ал.

Кустов Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал жакшырганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM