Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан каза болгондордун дагы бир антирекорддук көрсөткүчү катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 291 | 0

16-августка карата акыркы бир сутка ичинде дүйнө боюнча коронавирус жуктуруп алган 10 миңдей бейтап каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдады.

Ага ылайык, бул көрсөткүч пандемия башталгандан берки экинчи антирекорд болду. Буга чейин адам өлүмү көп катталган учур 17-апрелде катталган. Анда сутка ичинде 12 453 киши уөз жумган.

Акыркы бир күндө коронавирусту жуктуруунун 294 237 жаңы учур катталды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматында көрсөтүлгөндөй дүйнө боюнча вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 21 394 689га жетти, алардын 770 112си көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM