Биз менен байланышыңыз

Президент орусиялык медициналык топтордун жетекчилерине ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 280 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта, орусиялык медициналык топтордун жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Орусиянын  Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Коргоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Евгений Спиценко менен алардын өлкөдөн кетип жатканына байланыштуу жолугушту.

Мамлекет башчысы жеке өзүнүн жана бүткүл Кыргызстан элинин атынан орусиялык адистерге алардын жасаган иши, жергиликтүү дарыгерлерге практикалык жардам көрсөткөнү жана өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Башкортостан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов орус адистеринин Кыргызстанда аткарган иштеринин жыйынтыктары тууралуу кыскача баяндап берди.

Анын берген маалыматына ылайык, өлкөнүн 31 медициналык мекемесинде үч негизги багытта иш жүргүзүлгөн. Ал ичине дарыгерлерди биологиялык коргоо жана эпидемияга каршы режимдин эрежелерин сактоо боюнча окутуудан өткөрүүнү, бейтаптарды дарылоо үчүн клиникалык протоколдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү берүүнү, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумун эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдоо боюнча зарыл иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгууну сыяктуу иштерди камтыган.

Орусиялык адистер тарабынан 4 миңден ашык адам текшерилип, 615 адам стационарлардан чыгарылган жана 594 адам чыгарууга даярдалганы белгиленди.

Евгений Спиценко бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканын жана төмөндөө тенденциясы ачык көрүнгөнүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM