Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда президенттикке алгачкы талапкер көрсөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 726 | 0

Тажикстандын Агрардык партиясы съездде төрага Рустам Латифзоданы октябрь айында өтө турчу президенттик шайлоого талапкер катары көрсөттү.

Съездге 120 делегат катышты. Латифзода президенттик кызматка көрсөтүлгөн алгачкы талапкер болду. Ал өз сөзүндө шайлоо алдындагы программасынын негизги пункту мамлекеттин жана чек аранын коопсуздугун камсыздоо, миграция маселелерин жөнгө салуу жана экономиканы өнүктүрүү экенин айтты.

Аталган партия 2010-жылы парламенттик шайлоодо эки орунга ээ болгон. Ал эми 2013-жылы президенттик шайлоодо Агрардык партиянын талапкери Эмомали Рахмондун талапкерлигин колдогон. Эки жылдан кийин, тактап айтканда, 2015-жылы парламенттик шайлоодо партия биринчи жолу 5 орунга ээ болуп, өзүнүн фракциясын түзгөн. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Мажлистеги өкүлдөрдүн санын 7 адамга чейин көбөйткөн.

Тажикстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 11-октябрына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM