Биз менен байланышыңыз

Күйдүргү жуктуруп алышы мүмкүн деп ооруканага жаткырылгандардын анализи таза чыкты

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 594 | 0

Күйдүргүгө (сибирь жарасы) шектелип ооруканада жаткан Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылынын тургундарынын биринен гана бул оору тастыкталып, башкаларынын анализи таза чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мындан улам бейтапканада жаткандар үйлөрүнө чыгарылды.

2-август күнү Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусуна шектелип бир оорулуу катталган. Бул оору 9 кишинин катышуусунда бодо мал союлгандан кийин аныкталган. Алар 25-июль күнү уй союп, этин Тогуз-Булак, Талдык, Кызыл-Байрак, Беш-Мойнок айылдарына, жалпысынан 288 адам бар үй-бүлөлөргө таратышкан.

Бул окуядан соң аталган айылдарга карантин киргизилди.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Тогуз-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында таратылган этти алган кишилерге ооруну алдын алуу үчүн атайын дары-дармектер берилүүдө.

Карантинге байланыштуу Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында 25-августка чейин үй жаныбарларын союуга болбойт жана той өткөрүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM